kg.oriflame.com
RU KG

Башкаларга окшобогон компания

1967-жылы ага-инир Йонас жана Роберт аф Йокник Oriflame аталышындагы табигый швед ингредиенттеринен жасалган косметиканы ɵндүрүү жана сатуу боюнча стартап башташкан. 2022-жылы бул “стартап” ɵзүнүн 55-жылдыгын белгилеп жатат.

Oriflame – швед жүрɵгү бар бренд. Биз табияттан шыктанабыз, инновациялардын жактоочусубуз жана планетанын келечегине кам кɵрɵбүз.

Сүйүү менен Стокгольмдон: Oriflame – дүйнɵнүн 60+ ɵлкɵсүндɵ кɵрсɵтүлгɵн косметикалар боюнча жалгыз швед бренди

Биз сулуулукту дүйнɵнүн бардык бурчундагы ар бир айым үчүн жеткиликтүү кылууга умтулабыз. Жана бул ишке ашып жатат: буюртмалардын 98%ы онлайн жайгаштырылат.

Миллиондогон адамдар адашпайт: дүйнɵнүн 60 ɵлкɵсүндɵ 3 млн катталган ɵнɵктɵштɵрүбүз бар.

Стокгольмдон болобуз – дал ошол жерде биздин териге кам кɵрүү жаатындагы уникалдуу технологияларды иштеп чыгуу боюнча илимий-изилдɵɵ институтубуз жайгашкан.

Биз ишенимдүү, этикалык булактардан алынган косметикалык ингредиенттер менен гана иштейбиз жана ЕБда тыюу салынган компоненттердин бирин да колдонбойбуз*.

*Oriflame’дин 2020-жылга болгон туруктуу ɵнүгүү жɵнүндɵ отчетунун маалыматтары боюнча. Отчет Oriflame_SustainabilityReport_2020_0.pdf шилтемеси боюнча жайгашкан. 70-бетти караңыз. Отчет Oriflame Holding Ltd. тарабынан 2021-жылы даярдалган.

Коопсуздук жана инновациялар – биздин экинчи атыбыз: биз, ар бир ɵнүмүбүздүн мыктылыгына жана коопсуздугуна ынануу үчүн, жыл сайын 7 000 ыктыярчынын катышуусу менен 150дɵн ашык клиникалык жана керектɵɵчүлүк изилдɵɵлɵрүн ɵткɵрɵбүз

Биз инновациялык ɵнүмдɵрдү чыгарабыз. Биз менен акыркы технологиялар менен жабдылган үч башка лабораториядан 100дɵн ашык окумуштуулар иштешет.

2020-жылы биз In CDP Forest рейтингинде ɵз деңгээлибизди жогорку А – «Климаттын ɵзгɵрүүсүнɵ каршы күрɵшүү боюнча маселелерди чечүүдɵгү лидерлик» - кɵрсɵткүчүнɵ чейин жогорулаттык*

* Oriflame’дин 2020-жылга болгон туруктуу ɵнүгүү жɵнүндɵ отчетунун маалыматтары боюнча. Отчет Oriflame_SustainabilityReport_2020_0.pdf шилтемеси боюнча жайгаштырылган. 4-бетти караңыз. Отчет Oriflame Holding Ltd. тарабынан 2021-жылы даярдалган.

Oriflame компаниясы Financial Times’тын версиясы боюнча Европанын климаттык лидерлеринин тизмесине кирди. Башкы жетишкендик – 2014-2019-жж. Мезгилинде парник газдарынын чыгындысын 26,1%га кыскартуу. Бардыгы болуп рейтинг бул мезгил аралыгында парник газдарынын чыгындысын тɵмɵндɵтүүгɵ эң кɵп жетишкен 300 компаниядан турат, жана Oriflame анда татыктуу орунду ээлейт.

Планетага кылдаттык менен: биз С02 чыгындыларын 76%га кыскарттык, бир гана 100% кайра толукталуучу энергия булактары менен иштейбиз, парник газдарынын чыгындыларын тɵмɵндɵтɵбүз жана жадагалса конференцияларды ɵткɵрүүгɵ да экологиялык мамиле жасайбыз: South Pole кɵз карандысыз компаниясы тарабынан тастыкталган.

Жыл сайын биз дүйнɵ жүзү боюнча Индиядан жана Индонезиядан Кытайга жана Мексикага чейин 10 миллионго чейин дарактарды сактап калабыз.

Биздин каталогдорубуз токойлорго камкордук менен чыгарылат: кагаздын 99%ы тастыкталган булактардан жана кайра иштетилген материалдардан алынган.

2019-жылдан тарта Oriflame’дин бардык эл аралык конференциялары – климаттык жактан нейтралдуу болуп саналат (South Pole кɵз карандысыз компаниясы тарабынан тастыкталган). Биз пландоо, отелдерди жана аянтчаларды тандоо, транспорттоо, тамактануу, материалдарды ɵндүрүү ж.б. сыяктуу бардык аспекттер боюнча климатка таасир берүүнү тɵмɵндɵтɵбүз.

Oriflame башкарган бардык объекттерде 2018-жылдан баштап электр энергиясы 100% кайра толтурулуучу булактардан турат.

Tender Care жумшартуучу каражаты — 1980-жылдан бери биздин жылдыз ɵнүмүбүз жана дүйнɵ жүзү боюнча сатуулардын абсолюттук хити. Бул бренддин эң универсалдуу каражатын кам кɵрүүдɵ жана макияжда ондогон ыкмалар менен колдонсо болот.

Love Nature каражаттар линиясы — бул териге табиятка пайда менен кам кɵрүү. Биздин парабендерсиз жана силикондорсуз каражаттарыбыз органикалык экстракттардын негизинде жасалган. Биз бир гана табигый кабырчыктандыруучу бɵлүкчɵлɵрдү колдонобуз – агып чыкма сууларга түшкɵндɵ алар бактериялар жана жандуу организмдер тарабынан иштетилет, демек, дүйнɵлүк океанга зыян келтирбейт. Биоажыроочу таңгакка ээ.

Beautanicals каражаттар линиясы парабендерсиз жана силикондорсуз биоажыроочу формула боюнча 95% табигый ингредиенттерден турат. Мындан тышкары, ал Вегандык коом тарабынан тастыкталган - демек, жаныбар тектүү ингредиенттерди камтыбайт. Экологиялык таңгак: бул линейканын флакондору 100% кайра иштетилген пластиктен, тюбиктери 55% кайра иштетилген пластиктен жасалган.

*Вегандык коом (англ. The Vegan Society) – Улуу Британияда катталган, керектɵɵнүн жана бүтүн жашоонун этикалык маданиятын жайылтууга кɵмɵктɵшүүчү кайрымдуулук уюму.

.SE жыпар жытынын флакону жана таңгагы кайра иштетүү үчүн 100% жарамдуу. Мындан тышкары, флакон 40% кайра иштетилген айнектен жасалган. Жыпар жыттардын негизинде – 100% табигый спирт, ал синтетикалык спирттен ɵзүнүн экологиялык жактан коопсуздугу менен айрымаланат. Патенттелген жана коопсуз Scent.Trap® жана Pure.Scent® технологиялары ɵсүмдүктɵрдү жок кылбастан, анын жыттарын сактап калууга жардам берет.

Сенин сулуулугуң жана планетанын сулуулугу – табигый! 2015-жылдан бери бардык скрабдарыбызда 100% табигый тектүү кабырчыктандыруучу ингредиенттер колдонулат, бул: мактан жана бадам кабыгынан баштап тузга чейинки ингредиенттер.

Наристелерге арналган Baby O сериясы парабендерсиз жана силикондорсуз, агрессивдүү ингредиенттерсиз, аллергендерсиз жана табигыйга окшош консерванттарды минималдуу колдонуу менен биоажыроочу формула боюнча 95% табигый ингредиенттерден, анын ичинде швед сулусунун майынан (жергиликтүү швед фермаларынан алынган) турат. Ар бир ɵнүм дерматологиялык жана аллергологиялык текшерүүлɵрдɵн ɵтɵт жана наристелердин сезимтал териси үчүн коопсуз.

Биз ɵзүбүздүн териге кам кɵрүүчү эң технологиялык заманбап каражаттарыбыз менен сыймыктанабыз! Клиникалык текшерүүлɵрдүн, илимий жетишкендиктердин жана ɵсүмдүктɵрдүн сɵңгɵк клеткалары жаатындагы иштеп чыгуулардын аркасы менен NovAge ɵнүмдɵрүнүн сериясы аялдарды ɵз жашынан улуу кɵрсɵткɵн теринин картаюусунун 12 негизги белгисине таасир берери далилденген. Бирок сенин териң сенин жашыңды аныктабашы керек! Сен ɵзүңдү канча жашка сезсең, ошончо жашка кɵрүнүүң үчүн, NovAge сериясынын ɵзүңɵ ылайыктуу ɵнүмдɵр линейкасын тандап ал.

Ден-соолугуңа жана жыргалчылыгыңа кубануу менен биздин 55 жылдыгыбызды биз менен бирге белгиле.Мыкты швед окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан, жогорку сапаттуу табигый ɵнүмдɵрү бар Wellness бренди сени туура тамактануу жана биологиялык активдүү кошумчалар дүйнɵсүнɵ алып баратбиз менен сен жашоо сапатын аны активдүү жана саламт кылуу менен жакшыртууну үйрɵнɵсүң!

Биз сууну камтыбаган ɵнүмдɵрдү чыгаруу үчүн мүмкүнчүлүктɵрдү издейбиз, мисалы, суу ресурстарынан болгон кɵз карандылыкты дагы азайтуу үчүн катуу шампундар. 2025-жылга биз суу камтыбаган жаңы ɵнүмдɵрүбүздү чыгарабыз, алар ɵнүмдɵрдүн негизги ассортиментинин бир бɵлүгү болуп калат.

Ар бир мүнɵт сайын дүйнɵдɵ 30 аял Oriflame помадасынын бактылуу ээси болот*

*01.01.2020-жылдан 31.12.2020-жылга чейинки Oriflame бар болгон бардык аймактардын помадаларды сатуу жɵнүндɵ маалыматтарынын негизинде.

Эч качан бир орунда турбайбыз: 1977-жылы биринчи Oriflame жыпар жыты пайда болгон. Ал эми бүгүн биз жылына 35 миллиондон ашык жапыр жаттарды сатабыз*

*Oriflame Cosmetics Global SA’нын 1.01.2020-жылдан 31.12.2020-жылга чейинки дүйнɵлүк сатууларынын жыйынтыктары боюнча.

Биз келечек жɵнүндɵ кылдат ойлонобуз: 2025-жылга бардык жаңы териге кам кɵрүү үчүн каражаттар жана жеке гигиенага арналган жуулуучу каражаттар биоажыроочу формулалар боюнча чыгарылат. Oriflame’дин пластик таңгактарынын чоң бɵлүгү же кайра иштетилген, же башка экологиялык жактан таза материалдардан жасалат.*

* Oriflame’дин 2020-жылга болгон туруктуу ɵнүгүү жɵнүндɵ отчетунун маалыматтары боюнча. Отчет Oriflame_SustainabilityReport_2020_0.pdf шилтемеси боюнча жайгаштырылган. Отчет Oriflame Holding Ltd. тарабынан 2021-жылы даярдалган.