kg.oriflame.com
RU KG

Учурдан ырахат ал

Эмне менен
сыймыктанарыбызды билип ал

Бизди башка компаниялардан
ɵзгɵчɵлɵнткɵн демилгелер

Билүү

Биздин тарыхыбыз

1967
1970
1970
1976
1977
1982
1985
1990
1997
1999
2000
2009
2013
2015
2018
2020
2021
2022
stylesheet

1967

Oriflame үч достун: Ионас аф Йокниктин, анын агасы Роберт аф Йокниктин жана Бенгт Хельстендин кыялынан башталган. Алар тагдырын өз колуна алып, бирге Oriflame’ди негиздеген.

Өз атын компания Падыша байрагы Орифламманын (лат. aureum – алтын, flamma – жалын) урматына алган.

Биз Швециядан чыкканбыз жана эң башынан эле сулуулукту өзгөчө көрүүбүз менен, жаратылыш менен шыктануубуз жана планетага кам көрүүбүз менен өзгөчөлөнөбүз.

биринчи 20 өнүм, териге арналган кремдер, помадалар жана кирпик туштары швед өсүмдүктөрүнүн экстрактынын негизинде жасалган. Биздин дагы бир новатордук демилгебиз – өнүмдөрдү жаныбарларга тестирлөөдөн баш тартуу.

Ал учурдан бери көп нерсе өзгөрдү, бирок бул принциптерди биз карманабыз.

1970

Oriflame’дин бестселлеринин – Tender Care’нин туулган жылы.

Кичинекей банкалардагы көзгө арнаган кремдер косметика рыногунда ажиотаж жаратып, Oriflame’ди белгилүү кылат.

Tender Care дагы эле трендде жана эң көп сатылуучу өнүмдөрдүн бири болуп саналат. Бирок бүгүнкү күндө ал фантастикалуу тынчтандыруучу жана нымдандыруучу эффекти бар кургак териге арналган көп функциялуу өнүм катары белгилүү.

Банкалар биздин тарыхты сакташат: аларда азыркы учурга чейин Oriflame’дин эң биринчи логотиби – аф Йокник ага-инилеринин герби тартылган.

1970

Oriflame’дин дагы бир инновациясына убакыт келди – бул жолу сатуулар форматында: биз өнүмдөрүбүздү жеке жолугушууларда жана каталог аркылуу сата баштадык.

Компания өз өнөктөштөрү менен биригип, эми бардыгыбыз бирге эртеңки жаңы күнгө карай – ийгиликке жана кыялдарды орундатууга карай барабыз.

Oriflame’дин биринчи каталогу август айында 1 000 нускадан турган тиражда чыгат. Сынамактары бар жана сыртында жылдыздар тартылган кооз журналдарга азырынча көп бар – Oriflame’дин бул каталогдору өнүмдөрдүн толук ассортименти баткан 1 барактан турган. Баса, Oriflame’дин каталогдору үчүн колдонулган кагаздын 99% тастыкталган булактар тарбанынан өндүрүлөт.

1976

Легендаларга ылайык Ирландиядан ийгилик алып келе турган 4 желекчелүү бедени тапса болот, бирок биздин ирландиялык ийгилигибиз Дублиндеги биринчи заводдун курулушун аяктообузда турат.

Дагы бир ийгиликтүү чечим – динамизим, кумар жана италиялык жашоонун стили менен шыктандырылган Giordani Gold брендин жаратуу.

Легендарлуу бренд жалпы атка айланып, анын илинишкен GG белгиси бар логосу премиум-класстагы косметика үчүн белгилүү болот.

1977

Oriflame’дин эң биринчи жыпар жыты пайда болот.

Ал убакта биздин жыпар жыттар алтымыш өлкөдө чыгарылып, көпчүлүк өлкөлөрдө Oriflame парфюмердик компаниялардын ТОР-5не кирерин элестетүү мүмкүн эмес болгон.

Бүгүнкү күндө компаниянын портфелинде дүйнө жүзү боюнча гениалдуу парфюмерлер тарабынан жаралган ондогон сонун парфюмердик композициялар бар.

Таңкалыштуу факт: ар бир секундда дүйнөдө биздин атыр суубуздун бир флакону сатылат. Мындан тышкары, Oriflame Россияда Fifi Awards’дын 6 сыйлыгына ээ болгон.

1982

Oriflame Тумандуу Альбионду багындырат. Компания Лондон фонд биржасынын ири косметикалык компанияларынын тизмесине кирет.

Ошол эле жылы Oriflame’дин борбордук илимий-өндүрүштүк комплексинин тарыхы башталат. Биз аны дүйнөнүн экологиялык жактан эң таза жери болгон Ирландиядагы Уиклоу Хиллзде ачабыз.

Зымырыт аралдарда бизди шыктандырган жаратылыштын кооздугунун айланасында сулуулук үчүн инновацияларды жаратабыз.

1985

Oriflame’дин таажысында жаңы бриллианттар пайда болот: Guldfynd швед зер жасалгалар компаниясы, Goldsmith британиялык зер жасалгалар тармагы жана Hallbergs швед зер жасалгалар ишканасы.

Бүгүнкү күндө Oriflame’дин кымбат баалуу жарыгын Norrsken бренди башкарат, анын жасалгаларында эркин чыгармачыл дух бар.

Ар бир таш жылмаланып, жасалгага колго бекитилет, бренддин зер технологиялары айлана-чөйрөгө зыян келтирбейт.

1990

Oriflame чыгыш Европада жана мурдагы Советтер Союзунун өлкөлөрүндө жеңишке жетишет.

Чехияда, Словакияда, Венгрияда, Польшада, Латвияда, Россияда, Украинада, Азербайжанда жана башка өлкөлөрдө компаниянын өкүлчүлүктөрүнүн тармагы пайда болот.

1997

Oriflame’дин жашоосунда санариптик доор башталат.

Биз www.oriflame.com сайтын ачып, өнүмдөрдү интернет аркылуу сата баштайбыз.

Азыркы күндө буйрутмалардын 98% онлайн жайгаштырылат.

1999

Oriflame аялдардын сулуулугуна жана экологияга кам көрүүнү уланта берет, өз максаттарына балдардын бакубаттыгына да кам көрүүнү кошот.

Швециянын канышасы Сильвия менен бирге биз Бүткүл дүйнөлүк балдар фондун ачып, ар бир баланын бактылуу балалыгы үчүн күрөшө баштайбыз!

Фонддун баштапкы максаты – балдарга таш боор мамиле кылууну жана балдардын эмгегин колдонууну жоготуу. Бүгүнкү күндө бул кайрымдуулук уюм 16 өлкөдө жүздөн ашык долбоорлорду колдоп келет.

2000

Жана Oriflame ийгиликтин артынан кайрадан Ирландияга барат.

Дублинге жакын жайгашкан Брей шаарында глобалдык техникалык борборубузду ачабыз.

Ушул эле жерде 8 жылдан кийин Oriderm клиникалык изилдөөлөргө арналган лабораториясы бар жакшыртылган илимий-изилдөө борбору ачылат. Бул жерден биздин өнүмдөр алардын сапатын тастыктаган көптөгөн тесттерден өтөт.

2009

Oriflame Стокгольмдо илимий-изилдөө институтун ачып, тери изилдөөлөрүн дүйнөлүк деңгээлге чыгарат.

Бул жерден биздин эксперттер өсүмдүктөрдүн биоактивдүү экстракттарын изилдеп, инновациялык косметикалык технологияларды иштеп чыгып, патенттешет. Компаниянын бардык бестселлерлери өз жолун дал ушул жерден башташат. Oriflame’деги инновациялар – компаниянын өнүгүүсүнүн негизги приоритеттеринин бири. Биз менен акыркы техникалар менен камсыздалган үч башка лабораторияларда 100дөн ашык окумуштуулар иштейт.

2013

Oriflame өзүнүн өндүрүшүнүн экологиялуулугун дагы бир жолу тастыктайт.

Orifame’дин Руркидеги (Индия) жана Ногинсктеги (Россия) дароо эки жаңы ишканасы курулуштун экологиялык тастыктоосунан LEED® өтөт.

Бул Oriflame’дин өндүрүшүндө ресурстар эффективдүү колдонуларын, жана ошондой эле экологиялык таза эмеректер жана курулуш материалдары бар экенин билдирет.

2015

Oriflame карылыкка каршы күрөшүүнү баштап, териге кам көрүүчү жаңы NovAge линейкасын чыгарат.

Бул карылыкка каршы күчтүү эффекти бар бетке күнүмдүк кам көрүү системасы клиникалык текшерүүлөрдүн, өсүмдүктөрдүн сөңгөк клеткалары чөйрөсүндө илимий жетишкендиктердин жана иштеп чыгуулардын аркасы менен пайда болгон.

NovAge өнүмдөрүнүн эффективдүүлүгү ар кандай клиникалык текшерүүлөр менен далилденет.

Бүгүнкү күндө NovAge линейкасында эркектерге арналган нымдандыруучу жана жашартуучу өнүмдөр бар.

2018

Oriflame экология менен электр энергиясын ынтымакташтыра алат – электр энергиясы бардык объектилерде компаниянын башкармалыгынын алдында 100% кайра калыптандырылуучу булактардан колдонулат.

Бул эле эмес: биз бардык өндүрүштөрдө көмүр кычкыл газынын чыгындыларынын калдыктарынын ордун 100% толуктайбыз, СО2 чыгындыларын 48%га, өнүм бирдигин чыгаруда суунун сарпталышын 18%га кыскарттык.

Биздин экология жагынан болгон жетишкендиктерибиз таң калтырат, бирок бул башталышы гана.

2020

Oriflame’дин сыйлыктары, жетишкендиктери жана премиялары бардык рекорддордон ашат.

Эң маанилүүлөрүн айта кетели:

Ар бир мүнөт сайын дүйнө жүзүндө Oriflame’дин 30 эрин помадасын сатып алышат.

Биз жылына 35 миллиондон ашык жыпар жыттарды сатабыз.

Giordani Gold кирпикке арналган супер тушу 2020-жылы Oriflame туштарынын арасынан эң популярдуу болду.

Биз күнүнө 1 000 даанадан ашык Giordani Gold Essenza парфюмун сатабыз

Биз күнүнө 1 5000 даанадан ашык Glacie атыр суусун сатабыз.

* Oriflame компаниясынын 1.01.2020-жылдан 31.12.2020-жылга чейинки КМШдагы сатууларынын маалыматынын жана Oriflame Cosmetics Global SAнын дүйнөлүк сатууларынын натыйжаларынын негизинде

2021

Oriflame таанылууну улантат.

NovAge ProCeuticals сериясынын териге кам көрүү боюча мыкты өнүм катары алган 3 сыйлыгы жана Wellness-өнүмдөрүнүн 6 индустриалдык сыйлыгы биз үчүн эң маанилүү болот.

2022

Oriflame 55 жашта!

Өткөн жылдардын ийгиликтерин белгилеп, жаңы жеңиштерге багытталууга убакыт келди. Биздин компанияны түзгөнүбүз жана 55 жылдык жеңиштерибиз тагдырды өз колуңа алсаң, бардыгы мүмкүн экенин далилдейт.

Бирге жаңы эртеңки күнгө карай барабыз. Кошулгула! Келечекке бирге!

BEAUTYBEAUTY

САБАТТУУЛУГУҢСАБАТТУУЛУГУҢ

Oriflame’ди жана сулуулук индустриясын канчалык жакшы билериңди текшер. Тесттен өтүп, билимиңди сына!

ТЕСТТЕН ӨТ

ЮБИЛЕЙЛИК ЖЫЛДА 15ТЕН АШЫК ЖАҢЫ ӨНҮМДӨР!

NOVAGE

Убакытты жайлатууга жардам бере турган инновациялар

Сайттан кароо

.SE

Швециянын жүрөгүнөн чыккан жыпар жыт

Сайттан кароо

ALL
OR NOTHING

Белгилүү парфюмер Натали Лорсондон бестселлер

Сайттан кароо

ЮБИЛЕЙЛИК ЖЫЛДА 15ТЕН АШЫК ЖАҢЫ ӨНҮМДӨР!

NOVAGE

Убакытты жайлатууга жардам бере турган инновациялар

Сайттан кароо

.SE

Швециянын жүрөгүнөн чыккан жыпар жыт

Сайттан кароо

ALL
OR NOTHING

Белгилүү парфюмер Натали Лорсондон бестселлер

Сайттан кароо